Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-февралы № 4811-V
Жеке кол тийбестикке балдардын укугун жүзөгө ашыруу жөнүндө
Балдарга күч колдонууну жана катаал мамиле жасоону болтурбоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Д.А.Ниязалиеванын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясында жарыя кылынган баланын эң жогорку кызыкчылыктарын камсыз кылуу принцибинен чыгуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 16-беренесине жана "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык мамлекет ар бир баланын инсандык ар намысын жана кадыр-баркын, кол тийбестигин коргоону камсыз кылууга, дене боюна жана психикасына, сексуалдык күч колдонуудан, катаал, орой же адамдык кадыр-баркын кемсинткен мамилелерден аны коргоого тийиш.
Учурдагы кырдаалды талдоо үй-бүлөдө күч колдонуудан жапа чеккендер көпчүлүк учурда балдар болуп жаткандыгын көрсөтүүдө. Балдарга карата үй-бүлөдө ар түрдүү формаларда күч колдонуу (дене-боюна, сексуалдык, психологиялык) өтө чоң тынсызданууну жаратууда. Коомдун негизги ячейкасы болуп саналган үй-бүлөдө күч колдонуу үй-бүлөнүн жашап туруусунун негизин гана бүлүндүрбөстөн, ошондой эле коомдун өзүнүн коопсуздугун да бузууда.
Статистика көрсөткөндөй, балдарга күч колдонуу массалык мүнөзгө ээ болуп жатат, демек балдар көчөлөргө караганда, өз үйүндө кеңири өлчөмдө коркунучка тушугууда.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2013-жылы балдарга карата 1045 кылмыш иши жасалган, 2014-жылы 900дөн ашык кылмыш иши катталган.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 2014-жылы саламаттык сактоо уюмдарында ар түрдүү мүнөздөгү күч колдонуунун 105 учурлары катталган, алардын ичинде 52си 18 жашка чейинки балдарга колдонулган (анын ичинде 7 учур сексуалдык күч колдонуу болгон).
Соңку мезгилде балдарга карата күч колдонуу Кыргызстандын өтө олуттуу социалдык көйгөйлөрүнө айланды. Күн сайын жалпыга маалымдоо каражаттары мындай фактылар жөнүндө маалымдап жатат.
Балдардын шаардык медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынын врачтарынан расмий эмес сурамжылоо ай сайын ооруканага сексуалдык күч колдонууга тушуккан балдар түшүп жаткандыгын көрсөттү.
Бирок балдарга карата сексуалдык күч колдонулган айрым кылмыш иштери гана сотко чейин жеткирилип жаткандыгы олуттуу көйгөй болуп саналат. Ошондуктан жабыр тарткандар зарыл укуктук, медициналык жана социалдык жардамды алалбай жатышат.
Балдарга карата күч колдонуу маселеси - Кыргызстан үчүн олуттуу көйгөй. Ал социалдык-экономикалык кыйынчылыктарга жана ага удаа эмгек миграциясына, ата-энелердин алкоголизмге жана баңгиликке берилүү проблемаларына байланышкан.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Д.А.Ниязалиеванын маалыматы эске алынсын.
2. Жеке кол тийбестикке балдардын укугун жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жетишсиз деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
балдардын эрезеге жеткенге чейин тарбиялоо чөйрөсүндө жана балдарды тарбиялоо жана өстүрүү үчүн ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча ата-энелердин укуктарын жана милдеттерин жөнгө салууга багытталган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыксын;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына "баланын денесине жазалоо" түшүнүгүн киргизүү жөнүндө жана үй-бүлөдө, жалпы билим берүүчү уюмдарда, жетим балдар жана ата-энелеринен кароосуз калган балдар үчүн социалдык коргоонун мамлекеттик жана жеке уюмдарында денесине жазалоону колдонгондугу үчүн жоопкерчиликти киргизүү тууралуу сунуштарды киргизсин;
2015-2020-жылдарга балдарды күч колдонуудан жана катаал мамиле жасоодон коргоо боюнча иш-аракеттердин комплекстүү улуттук планын иштеп чыксын;
социалдык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин төрагалыгында балдардын укуктары боюнча туруктуу Координациялык кеңешти түзсүн, анын курамына тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле балдардын укуктарын коргоо менен алектенген коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирет;
ар бир калктуу конушта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн көмөктөшүүсү менен күч колдонуудан жапа чеккен, анын ичинде сексуалдык күч колдонуудан жана үй-бүлөдө, билим берүү уюмдарында жана жетим балдар жана ата-энелеринен кароосуз калган балдар үчүн социалдык коргоонун уюмдарында күч колдонуунун бардык түрлөрүнөн жабыр тарткан балдар үчүн шашылыш кам көрүү кызматын түзсүн;
күч колдонуудан жана катаал мамиле жасоодон жабырланган балдарга жардам көрсөтүү борборлорун жана кабинеттерин түзүүнүн зарылдыгы жөнүндө мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кеңири маалымдоону жүргүзсүн;
күч колдонуудан жана катаал мамиле жасоодон жабырланган балдарга жардам көрсөтүү борборлорун жана кабинеттерин түзүү үчүн республикалык бюджеттен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан финансылык каражаттарды издеп тапсын;
балдарга күч колдонгондугу жана катаал мамиле жасагандыгы үчүн ата-энелердин жана педагогдордун жоопкерчилигин күчөтүү боюнча, ошондой эле балдарга күч колдонгон учурлар белгилүү болгондо тийиштүү мамлекеттик органдарга билдирбегендиги же өз учурунда билдирбегендиги үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилигин белгилөө боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана аларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосунда турган Кылмыш-жаза кодексинин долбооруна киргизсин;
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин аймактык бөлүмчөлөрүндөгү үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча бөлүмдөрдүн штаттык санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
күч колдонуудан жана катаал мамиле жасоодон жабыркаган балдарга укуктук, социалдык, психологиялык жардам көрсөтүүгө мамлекеттик социалдык тапшырык шарттарында мындай кызмат көрсөткөн коомдук уюмдарды тартуу мүмкүнчүлүгүн карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын-алуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук борбору менен бирдикте менчиктин бардык түрүндөгү мектепке чейинки, мектептеги, мектептен тышкаркы, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы медреселерде жеке кол тийбестикке балдардын укуктарын коргоого мониторинг жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарларынын бирине балдардын укугун коргоо маселелери боюнча гана милдетти жүктөсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги:
ата-энелери Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кетип жаткандыгына байланыштуу туугандарынын көзөмөлүндө калтырылган балдарды табуу жана алардын укуктарын коргоону көзөмөлгө алуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте мониторинг жүргүзсүн;
күч колдонуунун бардык түрүнөн жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү, шашылыш психологиялык же юридикалык жардам көрсөтүү боюнча өлкөнүн бүткүл аймагында иштей турган, өзүнүн министрлигинин базасында бир кыска номердеги ишеним телефонун же "шашылыш байланышты" түзсүн;
башка ыйгарым укуктуу министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгына балдарга карата катаал мамиле жасоого жана күч колдонууга каршы аракеттер боюнча шашылыш чаралардын планын токтоосуз жүзөгө ашырууну камсыз кылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
баланын укуктары жана билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында укук бузууларды алдын-алуу боюнча окуу программасын иштеп чыксын;
республиканын билим берүү уюмдарында күч колдонууга каршы аракеттенүү боюнча окуучулардын укуктары жөнүндө жана жашы жетпегендерге карата күч колдонгондугу үчүн жоопкерчилик тууралуу класстык сааттарды/аңгемелешүүлөрдү/комплекстүү иш-чараларды жүргүзсүн;
туруктуу негизде мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары менен бирдикте балдардын укуктары, анын ичинде күч колдонуунун бардык формаларынан коргоо, адамдык ар намысты жана жеке кол тийбестикти сыйлоо, ошондой эле өздөрүнүн көз караштарын билдирүү укугун кошкондо, балдардын укуктары жөнүндө кеңири маалыматтык кампанияны туруктуу негизде жүргүзсүн;
мектепке чейинки, мектептеги, мектептен тышкаркы, башталгыч билим берүү жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында окушкан балдарга карата педагогикалык кызматкерлердин укуктарын жана милдеттерин жол-жоболоштурган тийиштүү ченемдик актыларды жана усулдук көрсөтмөлөрдү иштеп чыксын;
өлкөнүн бардык жалпы билим берүүчү уюмдарында "Мектепте күч колдонбоо" долбоорун киргизүүнү улантууну сунуштасын.
8. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
балдарга күч колдонуу жана катаал мамиле жасоо тууралуу иштер боюнча тараптардын элдешүү жол-жоболорун колдонууну жокко чыгарган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте күч колдонуу же катаал мамиле жасоо коркунучунда турган, оор турмуштук кырдаалда жашаган балдарды табуу боюнча иш жүргүзсүн;
балдарга күч колдонууну жана катаал мамиле жасоону алдын-алуу боюнча жашы жетпеген балдар иштери боюнча инспекторлордун ишин күчтөндүрсүн;
алдын-ала тергөөнүн стадиясында балдарга карата күч колдонулгандыгы жөнүндө иштерди объективдүү кароону камсыз кылсын;
балдарга карата күч колдонуунун бардык түрлөрүн алдын-алуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана турмушка киргизсин;
балдарга күч колдонулган жана катаал мамиле жасалган учурларды билдирбеген же өз учурунда билдирбеген кызмат адамдарына карата козголгон иштердин санына тийиштүү маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берсин;
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностордун ортосундагы мамиле боюнча мамлекеттик агенттиги менен бирдикте балдарга карата күч колдонууну алдын-алууга багытталган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын.
9. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
күч колдонуудан жабыркагандарга психологиялык жардам көрсөтүүнүн программасын иштеп чыксын жана кабыл алсын;
балдарга карата күч колдонулган жана катаал мамиле жасалган учурлар табылганда өз учурунда ички иштер органдарына маалымдасын;
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен бирдикте күч колдонуудан жана катаал мамиле жасоодон жабыркаган балдар үчүн психологиялык жардамдын жана социалдык адаптациянын программасын иштеп чыксын.
10. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
балдарга карата өлкөнүн калкын руханий-идеологиялык тарбиялоонун комплекстүү программасын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен бирдикте Кыргыз Республикасынын калкынын руханий жактан өсүшүнө багытталган телекөрсөтүүлөрдүн циклин иштеп чыксын жана көрсөтсүн.
11. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту балдарга карата күч колдонуу жана катаал мамиле жасоо жөнүндө иштер боюнча сот практикасына талдоо жүргүзсүн.
12. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
балдарга карата күч колдонууга байланышкан кылмыш иштери жана прокуратура органдарынын өндүрүшүндө турган административдик укук бузуулар боюнча мыйзамдарды так жана бир түрдүү аткарууга прокурордук көзөмөлдү күчөтсүн;
балдарга күч колдонуу жана катаал мамиле жасоо жөнүндө, кылмыш жоопкерчилигинен күнөөлөнүүчүнү бошотуу менен аяктаган иштердин санына мониторинг жүргүзсүн жана аларды токтотуунун мыйзамдуулугу үчүн көзөмөлдү ишке ашырсын.
13. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы эфир убактысын бөлүү мүмкүнчүлүгү менен бирге калкка маалымат берүү максатында балдарга карата күч колдонуунун бардык формаларына жол бербөө, ата-эне тарбиясында күч жана катаал усулдарды колдонуу фактысын жаап жашыруу жөнүндө көрсөтүүлөрдү жана маалыматтык роликтерди көрсөтүүнү карасын.
14. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандык коомдун өкүлдөрүнүн көмөктөшүүсү менен ар бир калктуу конушта күч колдонуудан жабыркаган балдар, анын ичинде үй-бүлөдө, билим берүү уюмдарында, жетим балдар жана ата-энелеринен кароосуз калган балдар үчүн социалдык коргоо уюмдарында шашылыш таасир этүү кызматтарын түзсүн.
15. Ушул токтомдун 3-14-пунктунда көрсөтүлгөн бардык мамлекеттик органдар ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тийиштүү комитеттерине 2015-жылдын 30-апрелине чейинки мөөнөттө маалымат берсин.
16. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча (Н.В.Никитенко), Социалдык саясат боюнча (Э.А.Сакебаев), Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча (К.Осмоналиев), Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча (К.С.Бокоев) комитеттерине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |