Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-марты № 4864-V
"Зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн төлөмдөрдөн камсыздандыруу төгүмдөрү, финансылык санкциялар жана туумдар боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн карызын эсептен чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Ч.Текебаев, А.А.Сасыкбаева, Г.Садырбаева, Т.Мадылбеков, Р.Төлөгөнов, У.К.Нуркулов, Ш.Ч.Айтматова, Ж.Р.Сапарбаев, Б.Шер, Т.Балтабаев, А.А.Досалиев, А.Маматов, С.К.Нышанов, Н.В.Никитенко жана Б.О.Калмаматов тарабынан демилгеленген "Зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн төлөмдөрдөн камсыздандыруу төгүмдөрү, финансылык санкциялар жана туумдар боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн карызын эсептен чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А. Жээнбеков |