Редакцияот 04.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 4-марты № 4845-V

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөсүн дайындоо жөнүндө

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин бешинчи бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 127-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына бир жылдык мөөнөткө парламенттик оппозициянын өкүлү катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кочкоров Улукбек Тойчубаевич дайындалсын.

 

Төраганын орун басары

Б. Мамырова