Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-марты № 4875-V
"2014-жылдын 3-декабрында Мекке шаарында кол коюлган "Айрым мусулман мамлекеттеринде жана коомчулуктарда мобилдүү клиникаларды уюштуруу боюнча "Фаель Хаир" программасынын алкагында айыл жергесинде мобилдүү клиниканы сатып алууга жана пайдаланууга "Фаель Хаир" тарабынын соопчулук салым кошуусун жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ("Фаель Хаир" программасынын администратору катары) ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 18-февралындагы № 68 токтому) "2014-жылдын 3-декабрында Мекке шаарында кол коюлган "Айрым мусулман мамлекеттерде жана коомчулуктарда мобилдүү клиникаларды уюштуруу боюнча "Фаель Хаир" программасынын алкагында айыл жергесинде мобилдүү клиниканы сатып алууга жана пайдаланууга "Фаель Хаир" тарабынын соопчулук салым кошуусун жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ("Фаель Хаир" программасынын администратору катары) ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитети (К.К.Иманалиев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Ч. Султанбекова |