КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-марты № 4908-V
“2014-жылдын 8-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабиясы Королдугунун ортосундагы Кызматташтык жөнүндө башкы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 18-февралындагы №70-токтому) “2014-жылдын 8-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабиясы Королдугунун ортосундагы Кызматташтык жөнүндө башкы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | А. Жээнбеков |