Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-марты № 4870-V
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин нормаларынын аткарылышы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө", жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин нормаларынын аткарылышын контролдоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Эсептөө палатасы, Финансы министрлиги жана башка мамлекеттик органдар менен бирдикте бир айдын аралыгында кызмат ордунан мыйзамсыз бошотулган адамдар боюнча инвентаризация жүргүзсүн жана укуктук баа берүү үчүн маалыматты Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен бирдикте "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин аткарылышы боюнча мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чараларды карап чыксын;
үч айлык мөөнөттө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо жана ылайык келтирүү жолу менен "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча маалымат үстүбүздөгү жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында угулсун.
4. Аталган токтомдун аткарылышын контролдоо Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Б. Мамырова |