Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 токтому менен бекитилген |
Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
сыйлыгын изденип алууга чыгармаларды, иштер
менен материалдарды көрсөтүү, кабыл алуу жана
карап чыгуу тартиби жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-апрелиндеги № 177, 2001-жылдын 19-декабрындагы № 795, 2002-жылдын 26-июнундагы № 408, 2003-жылдын 26-сентябрындагы № 606, 2005-жылдын 4-октябрындагы № 467, 2009-жылдын 6-июлундагы № 433 2010-жылдын 12-февралындагы № 92, 2011-жылдын 6-октябрындагы № 622 2014-жылдын 3-февралындагы № 64 токтомудорунун редакцияларына ылайык)
1. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга чыгармаларды, иштер менен материалдарды көрсөтүү, кабыл алуу жана карап чыгуу тартиби жөнүндөнын негизги максаты республиканын мыкты чыгармачыл күчтөрүн - жаштарды патриотизм менен демократиялык кайра түзүүлөргө багытталган чыгармаларды түзүүгө, салттуу, адеп-ахлактык, маданий, көөнөрбөс баалуулуктарды өнүктүрүү менен сактоо, жаш муундун рухий ден-соолугун сактоого тарбиялоо жана гуманизм принциптерин бекемдөө болуп эсептелет.
Сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгармалар, иштер менен материалдар көркөм чеберчилик деңгээли боюнча маанилүү болууга, уландар менен кыздардын бай рухий дүйнөсүн ачып берүүгө жана аларды Кыргызстанга жан-дили менен кызмат кылууга чакырууга тийиш.
Сыйлыктар:
- салттуу, адеп-ахлактык, маданий көөнөрбөс баалуулуктарды өнүктүрүү менен сактоого жана жаш муундардын рухий ден-соолугун сактоого, гуманизм, демократия принциптерин бекемдөөгө кошкон өзгөчө салымы үчүн;
- адабият менен журналистиканын мыкты чыгармалары үчүн;
- музыкалык өнөрдүн мыкты чыгармалары жана аткаруучулук чеберчилик үчүн;
- көркөм искусствонун мыкты чыгармалары (живопись, скульптура, графика, декоративдик-прикладдык жана монументалдык искусство) үчүн;
- шаар курулушу, архитектура менен дизайн тармагындагы ишке ашырылган мыкты долбоор үчүн;
- театралдык жана цирк искусствосунун мыкты чыгармалары менен актердук чеберчилик үчүн:
- кино менен телевидение тармагындагы мыкты жетишкендиктер (сценардык, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер) үчүн;
- илим жана жаңы технология тармактарындагы мыкты иштер үчүн;
- экономика, бизнес менен меценаттык тармагындагы мыкты жетишкендиктер үчүн ыйгарылат;
- спорт тармагындагы мыкты жетишкендиктери үчүн;
- жетектөөчү позицияларды ээлеген жана жаштар саясатын ишке ашырууда коомдук-маанилүү демилгелерди өнүктүрүүдө өзгөчө салым кошкон жаш жарандарга.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-апрелиндеги № 177, 2002-жылдын 26-июнундагы № 408 токтомудорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаштар үчүн 11 сыйлыгы ыйгарылат.
Сыйлык ыйгарылган лауреаттар лауреаттын дипломун, атайын байге жана 40 миң сом суммасындагы акчалай сыйлык алышат.
Лауреаттардын аттары Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин деген сөздөргө алмаштырылсын Ардак Китебине жазалат.
Сыйлыктарды ыйгаруу эки жылда бир ирет жүргүзүлөт. Изденип алуучулардын жаш курагы 35 жаштан жогору болбоосу керек.
Салттуу, адеп-ахлактык, рухий-маданий көөнөрбөс дөөлөттөрдү өнүктүрүүгө жана сактоого, гуманизмдин, демократиянын принциптерин бекемдөөгө жана жаш муундарды ыймандык жана дене-бой жагынан тарбиялоого кошкон өзгөчө салымы үчүн" деген биринчи номинация боюнча талапкерлердин жаш курактары эске алынбасын.
Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы Жаштардын Эл аралык Күнүндө - 10-ноябрда, комиссия жыйынтык чыгаргандан жана лауреаттарды аныктагандан кийин тапшырылат. Сыйлыктарды ыйгаруу боюнча Өкмөттүк комиссиянын жашырын добуш берүүсүндө тандоодон өтпөй калган талапкерлерге "Алтын диплом" тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаштар үчүн сыйлыгынын дипломанты" деген атайын кызыктыруучу байге белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-апрелиндеги № 177, 2001-жылдын 19-декабрындагы № 795, 2003-жылдын 26-сентябрындагы № 606, 2005-жылдын 4-октябрындагы № 467, 2009-жылдын 6-июлундагы № 433, 2010-жылдын 12-февралындагы № 92, 2011-жылдын 6-октябрындагы № 622, 2014-жылдын 3-февралындагы № 64 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын алууга чыгармаларды, иштер менен материалдарды сунуш кылуу ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
4. Башта мамлекеттик сыйлык алган чыгармалар менен иштер Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын алууга көрсөтүлбөйт, бирок талапкердин көрсөтүлүп жаткан белгилүү мезгилдеги бир нече чыгармалары сунушталган учурда алардын катарында эске алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-июлундагы № 433 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын алууга көрсөтүү жаштардын баштапкы, шаардык, райондук, облустук бөлүмдөрү, маданият, билим берүү жана илим мекемелери, чыгармачылык союздар, өкмөттүк эмес уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын органдары, радио менен телевидениенин редакциялары, ошондой эле демилгелүү топтор тарабынан жүргүзүлөт. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын алууга талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечим эмгек жааматтары менен демилгелүү топтордун кеңейтилген жыйындарында, чогулуштарында кабыл алынууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-июлундагы № 433 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгына көрсөтүлгөн иштерди жана материалдарды комиссияда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек миграция жана жаштар министрлиги тарабынан календарлык жылдын 15-февралына чейин кабыл алат. Эгерде алар белгиленген эки жылдык мөөнөттөн кийин келип түшсө, талапкерлердин кийинки мезгил үчүн Жаштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыктарын алууга көрсөтүлгөн чыгармаларын, иштери менен материалдарын талкуулоодо эске алынат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-декабрындагы № 795, 2009-жылдын 6-июлундагы № 433, 2010-жылдын 12-февралындагы № 92, 2011-жылдын 6-октябрындагы № 622, 2014-жылдын 3-февралындагы № 64 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Активдүү кесиптик позиция үчүн атайын сыйлыктар каралат.
71. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин бюджетинин каражатынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-февралындагы № 64 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Комиссия тарабынан номинациялар боюнча сунуштоонун төмөнкүдөй тартиби орнотулат:
- салттуу, адеп-ахлактык, маданнй, көөнөрбөс баалуулуктарды өнүктүрүү менен сактоого, жаш муундардын рухий ден-соолугун чыңдоого, гуманизм, демократия принциптерин бекемдөөгө өзгөчө салым кошууну камтыган иштерди көрсөтүүдө - конкурсанттын негизги эмгектери менен анын ишмердүүлүгүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтар;
- адабияттын жана журналистиканын жарыяланган чыгармалары - типографиялык тамга менен басылган төрт нускадан кем эмес санда;
- музыка искусствосунун чыгармалары-клавирдин, партитуранын басылган түрү (бирден нуска) жана аудио же видеотасмага жазуу түрүндө беришет. Андан тышкары, программалык музыкалык чыгарма үчүн анын программаларынын сунушталышы мүмкүн. Вокалдык чыгармалар үчүн текст, опералык жана балет чыгармалары үчүн бир нускада либретто, афиша жана программа, аткаруучулук программалар боюнча аудио же видео материалдар сунуш кылынат;
- көркөм искусство чыгармалары - түп нускада, иштердин түп нускасы жок болсо үч нускада фотографиялары сунуш кылынат. Живопись чыгармалары (айрыкча конфигуралуу композициялар) боюнча сүрөттөр менен роспистерден сырткары алардын фрагменттеринин фотографиялары сунуш кылынат; скульптура чыгармалары боюнча - 5 ар кыл ракурста тартылган фотографиялар фотографиялардын саны, өлчөмү жана сапаты чыгармалар жөнүндө жетишээрлик толук түшүнүктүү камсыздоого тийиш. Монументалдык скульптура жана живописти көрсөткөндө мүмкүн болушунча фотовидеоматериалдарды сунуштоо керек;
- шаар курулушу, архитектура жана дизайн тармагындагы иштерди көрсөтүүдө иш тууралуу толук түшүнүк берүүчү долбоордон жана объекттен фотографиялар, ошондой эле мүмкүн болсо видеоматериалдарды сунуштоо;
- театралдык жана цирк искусствосу менен актердук чеберчилик тармагындагы иштерди көрсөтүүдө жарыяланган программа, спектаклдин афишасы, спектакль жана аткаруучулар жөнүндө жетишээрлик түшүнүктү камсыз кылуучу спектакль тууралуу фотографиялары;
- кино менен телевидение тармагындагы иштерди көрсөтүүдө - аннотация, кино-теле иштердин башкы титрлеринин тексти, тартуунун жумушчу учурларынан фото жана видео кассета;
- илим жана жаңы технологиялар тармагындагы иштерди көрсөтүүдө жарыяланган эмгектер жана окуу китептери, ойлоп табуулардын, конструкциялардын фотоматериалдары жана техникалык документтери, адистердин рецензиялары менен сунуштары, ошондой эле автордук күбөлүктөрдүн копиялары, мекемелер менен ишканалардын өндүрүшкө киргизүү тууралуу пикирлери;
- экономика, бизнес жана меценаттык тармактагы жетишкендиктерге байланыштуу иштер менен материалдарды көрсөтүүдө - экономнкалык жетишкендиктер, бизнес ишмердүүлүгү жана меценаттык жөнүндө маалыматтар, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр, меценаттык ишмердүүлүктүн натыйжалары жөнүндө далилдөөчү документация тапшырылат;
- конкурсанттарды спорт тармагындагы жетишкендиктери үчүн көрсөтүүдө - спорттук жетишкендиктери жөнүндө маалыматтар, дипломдорунун копиялары, алган байгелеринин күбөлүктөрү, конкурсанттын ишкердигинин натыйжалары жөнүндө пикирлер;
- жетектөөчү позицияларды ээлеген жана жаштар саясатын ишке ашырууда коомдук-маанилүү демилгелерди өнүктүрүүдө өзгөчө салым кошкон конкурсанттарды көрсөтүүдө конкурсанттардын иш-аракеттеринин натыйжалары жөнүндө мүнөздөмөлөр, маалыматтык, аналитикалык, илимий материалдар, иштеп чыгарылган жана иш жүзүнө киргизилген долбоорлор, программалар, өткөрүлгөн иш-чаралар (акциялар, форумдар, семинарлар жана у.с.).
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-апрелиндеги № 177, 2001-жылдын 19-декабрындагы № 795, 2002-жылдын 26-июнундагы № 408 токтомудорунун редакцияларына ылайык)
9. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын алууга сунушталган чыгармалар, иштер менен материалдар көрсөткөн уюмдун сунуш каты менен кошо берилет.
Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын алууга сунуштоо жөнүндөгү катка уюмдун жетекчиси кол коет жана мөөр менен күбөлөндүрөт. Бир уюмдан бир нече талапкер көрсөтүлгөндө ар бир талапкерге өзүнчө сунуш кат жазылат.
Жамааты менен сунуштоодо талапкерлерди кат менен кошо ар бир талапкердин сунушталган ишти жаратууга катышканы жөнүндө маалымат берилет. Көрсөтүү жөнүндөгү сунуш кат менен бирге сөзсүз түрдө төмөнкү документтер киргизилиши керек:
- чыгармачылык союздун башкармасынын ж.б.у.с. чогулушунун, жыйынынын протоколу;
- кыскача автобиографня (4/6 өлчөмүндөгү эки сүрөт);
- ар бир талапкерге чыгармачылык мүнөздөмө;
- сыйлыктар жөнүндөгү документтердин көчүрмөлөрү;
- иштин кыска (эки беттен ашпаган) аннотациясы.
Эскертүү:
Көркөм өнөр жана декоративдик искусствонун чыгармаларынын түп нускасы каралгандан кийин комиссия тарабынан кайтарылып берилет.
Спектаклдин же кинофильмдин калемгеринин ишин көрсөтүүдө, саналган материалдардан тышкары декорациялар менен костюмдардын фото, видеоматериалдарын сөзсүз сунуштоо талап кылынат.
10. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын алууга көрсөтүлгөн иштер аны ыйгаруу боюнча комиссия тарабынан каралат.
Комиссия ар бир номинация боюнча эксперттерди чакыруу менен комиссия мүчөлөрү жетектөөчү подкомиссияларды коллегиялуу түрдө түзүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-декабрындагы № 795 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Комиссия сунушталган иштерди подкомиссиялардын корутундусунун негизинде ар тараптан изилдеп жана талкуулайт жана иштер кабыл алынгандан кийин үч айдан кечиктирбестен лауреаттарга сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө акыркы чечимди чыгарат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-декабрындагы № 795 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгына иши көрсөтүлгөн комиссия мүчөсү өз иши каралып жаткан учурда жыйынга катышпайт.
13. Комиссия көрсөтүлгөн номинациялар боюнча талапкерлердин курамын жана санын өз алдынча аныктоого, ошондой эле талапкерлерди ылайыгына жараша бир номинациядан башкасына которууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-декабрындагы № 795 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Комиссиянын жалпылоочу жыйыны жабык өткөрүлөт, акыркы чечим жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат жана протоколдоштурулат. Комиссиянын акыркы чечими жана протоколу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет.
Расмий жарыялоого чейин кабыл алынган чечимдер жөнүндөгү маалыматтарды же көрсөтүлгөн талапкерлерди талкуулоо процессин ачыкка чыгарууга комиссиянын баардык мүчөлөрүнө тыюу салынат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-сентябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынгандан кийин сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө комиссиянын ишинин жыйынтыктары жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-сентябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 токтому менен бекитилген |
Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга чыгармаларды, иштер менен материалдарды көрсөтүү, кабыл алуу жана карап чыгуу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-июлундагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын негизги максаты республиканын мыкты чыгармачыл күчтөрүн мекенчилдик маанайында жаштарды тарбиялоочу чыгармаларды түзүүгө жана демократиялык кайра түзүүлөргө багытталган чыгармаларды жаратууга, салттуу, адеп-ахлактык-маданий, көөнөрбөс баалуулуктарды өнүктүрүүгө жана сактоого, жаш муундарды гуманизм жана рухий-дене бой жактан тарбиялоо принцибин бекемдөөгө тартуу болуп эсептелет.
Сыйлыкты изденип алууга көрсөтүлгөн чыгармалар, иштер менен материалдар көркөм чеберчилик деңгээли боюнча маанилүү болууга, уландар менен кыздардын бай рухий дүйнөсүн ачып берүүгө жана аларды Кыргызстандын элине жан-дили менен кызмат кылууга чакырууга тийиш.
Сыйлыктар төмөнкүлөр үчүн ыйгарылат:
- адабият жаатындагы мыкты чыгармалар үчүн;
- журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгармалар үчүн;
- музыкалык өнөрдүн мыкты чыгармалары жана аткаруучулук чеберчилик үчүн;
- көркөм искусствонун мыкты чыгармалары (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство) үчүн;
- шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоорлор үчүн;
- театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармалары үчүн:
- кино жаатындагы мыкты жетишкендиктер (сценалык, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер) үчүн;
- илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иштер үчүн;
- экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендиктер үчүн;
- спорт жаатындагы мыкты жетишкендиктер үчүн;
- жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн (лидерлик позицияларды ээлеген жаш жарандарга).
2. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы 11 жеңүүчүгө ыйгарылат.
Сыйлыкка татыктуу болгон лауреаттар лауреаттын дипломун, атайын байге жана 40 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык алышат.
Лауреаттардын аттары жаштар саясаты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ардак китебине жазылат.
Сыйлыктар эки жылда бир ирет ыйгарылат. Изденип алуучулардын жаш курагы 35 жаштан жогору болбоосу керек.
Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы салттуу түрдө Кыргыз Республикасынын Жаштар күнүндө - 10-ноябрда, комиссия жыйынтык чыгаргандан жана лауреаттарды аныктагандан кийин тапшырылат. Комиссия жашыруун добуш берүү аркылуу "Алтын диплом" жана атайын байге тапшыруу менен "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты" деген кызыктыруучу байгени тапшыруу үчүн тандоодон өтпөй калган катышуучулардын ичинен ар бир номинация боюнча дипломантты аныктайт.
2. Иштерди көрсөтүү жана кабыл алуу тартиби
3. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга чыгармаларды, иштер менен материалдарды көрсөтүү ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
4. Мурда мамлекеттик сыйлык алган чыгармалар менен иштер Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын алууга кайта көрсөтүлбөйт, бирок талапкердин көрсөтүлүп жаткан мезгил үчүн бир нече иши сунушталган учурда алардын катарында эске алынат.
5. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга чыгармаларды көрсөтүү жаштар саясаты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү, шаардык, райондук башкармалыктары/бөлүмдөрү, маданият, билим берүү жана илим мекемелери, чыгармачыл союздар, өкмөттүк эмес уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары органдары, радио жана теле берүү редакциялары, ошондой эле демилгечи топтор тарабынан жүргүзүлөт. Мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечим ушул Жобонун 1-пунктунда аталган номинациялар боюнча иш жүргүзгөн, талапкердин өнөктөштөрүнөн жана кызматташтарынан турган эмгек жамааттарынын жана демилгечи топтордун кеңейтилген жыйындарында, чогулуштарында кабыл алынууга тийиш.
6. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга сунушталган чыгармалар, иштер жана материалдар комиссияда кароо үчүн жаштар саясаты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан календардык жылдын 10-августуна чейин кабыл алынат. Эгерде алар аталган эки жылдык мөөнөттөн кийин келип түшсө, талапкерлердин кийинки мезгил үчүн Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга берилген чыгармаларын, иштери менен материалдарын талкуулоодо эске алынат.
7. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу жаштар саясаты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетинин каражатынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.
3. Талапкерлердин чыгармаларын, иштерин жана материалдарын Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга берүү тартиби
8. Комиссия тарабынан номинациялар боюнча конкурстук иштерди берүүнүн төмөнкүдөй тартиби белгиленет:
- адабияттын жарыяланган чыгармалары - басмаканалык тамга менен басылган төрт нускадан кем эмес санда;
- журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы иштерди көрсөтүүдө -телепрограмманын аннотациясы, тартуунун жумушчу учурларынан фото жана видеодиск;
- музыка искусствосунун чыгармалары - клавирдин, партитуранын басылган түрү (бирден нуска) жана электрондук алып жүрүүчүдөгү жазуулар. Андан тышкары программалык музыкалык чыгарма үчүн анын программалары берилиши мүмкүн. Вокалдык чыгармалар үчүн - текст, опералык жана балет чыгармалары үчүн - либретто (бир нускада), афиша жана программа. Аткаруучулук иштер боюнча аудио же видеоматериалдар берилет;
- көркөм искусство чыгармалары - түп нускада, иштердин түп нускасы жок болсо үч нускада фотографиялары берилет. Живопись чыгармалары (айрыкча көп фигуралуу композициялар) боюнча картиналардын фотографиялары менен роспистерден сырткары алардын фрагменттеринин фотографиялары берилет; скульптура чыгармалары боюнча - 5 ар кыл ракурста тартылган фотографиялар. Фотографиялардын саны, өлчөмү жана сапаты чыгармалар жөнүндө жетишерлик толук түшүнүктү камсыздоого тийиш. Монументтик скульптура жана живопись жанрындагы иштерди көрсөткөндө мүмкүн болушунча фото жана видеоматериалдарды берүү керек;
- шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатындагы иштерди көрсөтүүдө - долбоордон жана объекттен иш тууралуу толук түшүнүк берүүчү фотографияларды, ошондой эле мүмкүн болсо видеоматериалдарды берүү керек;
- театр, цирк искусствосу жаатындагы иштерди көрсөтүүдө - жарыяланган программа, спектаклдин афишасы, спектакль жөнүндө жетишерлик түшүнүктү камсыз кылуучу спектакль жана аткаруучулар тууралуу фотографиялар;
- кино жана актёрдук иштер жаатындагы иштерди көрсөтүүдө - аннотация, кинонун башкы титрлеринин тексти, тартуунун жумушчу учурларынан фото жана видеодиск;
- илим жана жаңы технологиялар жаатындагы иштерди көрсөтүүдө - жарыяланган эмгектер жана окуу китептери, ойлоп табуулардын, конструкциялардын фотоматериалдары жана алардын техникалык документтери, адистердин рецензиялары менен сунуштары, ошондой эле автордук күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү, мекемелер менен ишканалардын өндүрүшкө киргизүү тууралуу пикирлери;
- экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы жетишкендиктер менен байланышкан иштерди жана материалдарды көрсөтүүдө - экономикалык жетишкендиктер, бизнес иштери жана меценаттык жөнүндө маалыматтар, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр, меценаттык иштин натыйжаларын далилдөөчү документтер;
- спорт жаатындагы жетишкендиктери үчүн конкурсанттарды көрсөтүүдө - спорттук жетишкендиктери жөнүндө маалыматтар, дипломдорунун көчүрмөлөрү, алган сыйлыктарынын күбөлүктөрү, конкурсанттын ишинин натыйжалары жөнүндө пикирлер;
- лидерлик позицияларды ээлеген жана жаштар саясатын өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон конкурсанттарды көрсөтүүдө - конкурсанттардын иш-аракеттеринин натыйжалары жөнүндө пикирлер, маалыматтык, аналитикалык, илимий материалдар, иштеп чыгарылган жана ишке киргизилген долбоорлор, программалар, өткөрүлгөн иш-чаралар (акциялар, форумдар, семинарлар ж.б.у.с.).
9. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга чыгармалар, иштер менен материалдар көрсөткөн уюмдун (демилгечи топтун) сунуш каты менен кошо берилет.
Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга катка уюмдун (демилгечи топтун) жетекчиси кол коет жана мөөр менен күбөлөндүрөт (бар болсо). Бир уюмдан (демилгечи топтон) бир нече талапкер көрсөтүлгөндө ар бир талапкерге өзүнчө кат жазылат.
Жамааттык талапкерлерди көрсөтүүдө кат менен кошо ар бир талапкердин көрсөтүлүүчү ишти жаратууга катышканы жөнүндө маалымат берилет.
Көрсөтүү жөнүндөгү сунуш кат менен бирге сөзсүз түрдө төмөнкү документтер берилиши керек:
- чыгармачыл союздун башкармасынын ж.б. чогулушунун, жыйынынын протоколу;
- кыскача өмүр баян (4x6 өлчөмүндөгү 2 фотосүрөт);
- ар бир талапкерге чыгармачылык мүнөздөмө;
- сыйлыктары жөнүндөгү документтердин көчүрмөлөрү;
- иштин кыска (эки беттен ашпаган) аннотациясы.
Эскертүү:
Көркөм өнөр жана театрдык-декорациялык искусствонун чыгармаларынын түп нускалары каралгандан кийин комиссия тарабынан кайтарылып берилет.
Спектаклдин же кинофильмдин сүрөтчүсүнүн ишин көрсөтүүдө, саналган материалдардан тышкары декорациялар менен костюмдардын фото жана видеоматериалдары сөзсүз берилет.
4. Иштерди кароонун тартиби
10. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга берилген иштер аны ыйгаруу боюнча комиссия тарабынан каралат.
Комиссия ар бир номинация боюнча эксперттерди тартуу менен комиссия мүчөлөрү жетектөөчү чакан комиссияларды коллегиялуу түрдө түзүүгө укуктуу.
11. Комиссия берилген иштерди чакан комиссиялардын (эксперттик топтордун) корутундуларынын негизинде ар тараптан изилдеп жана талкуулайт жана иштерди кабыл алуу аяктаган учурдан тартып үч айлык мөөнөттөн кечиктирбестен лауреаттарга сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө акыркы чечимди кабыл алат.
12. Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга иши көрсөтүлгөн комиссия мүчөсү өз иши каралып жаткан учурда жыйынга катышпайт.
13. Комиссия көрсөтүлгөн номинациялардын чегинде талапкерлердин курамын жана санын өз алдынча аныктоого укуктуу.
14. Комиссиянын жыйынтыктоочу жыйыны жабык өткөрүлөт, акыркы чечим жашыруун добуш берүү жолу менен кабыл алынат жана протоколдоштурулат. Комиссиянын акыркы чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилет.
Расмий жарыялоого чейин комиссиянын бардык мүчөлөрүнө кабыл алынган чечимдер жөнүндөгү маалыматтарды же көрсөтүлгөн талапкерлерди талкуулоо процессин ачыкка чыгарууга тыюу салынат.
15. Комиссиянын ишинин жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө комиссиянын чечимин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткенден кийин жүргүзүлөт.