Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 1-апрели № 4927-V
"Камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 26-декабрындагы № 736-токтому) "Камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес телөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруу жөнүндө"Кыргыз Реепубликасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Реепубликасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети (Э.А. Сакебаев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |