Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-апрели № 4947-V
Ош областтар аралык бириккен клиникалык оорукана жөнүндө
Ош .областтар аралык бириккен клиникалык оорукананын Кыргыз Республикасынын калкына медициналык жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү кошкон зор салымын эске алып, медициналык кызматкерлердин дарылоо-диагностикалык жана алдын-алуу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасына "улуттук" статусун берүү жөнүндө маселени кароо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |