Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-апрели № 4949-V
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртуүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуунун жол-жоболоруна кайтаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.А. Кочкарова, К. Абдиев. М.Ю. Абдылдаев, Б.А. Мамырова, Г.А. Скрипкина, К.К. Өмүрбеков, З.И. Бекбоев, Т.В. Левина, М.Э. Сабиров жана К.С. Дыйканбаев тарабынан демилгеленген, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 18-мартындагы № 4903-V токтому менен экинчи окууда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо кийинкиге жылдырылсын.
2. Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитети (А.Т. Алтыбаева) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун экинчи окуунун жол-жоболоруна кайтаруу маселесин карасын.
Төрага | А. Жээнбеков |