Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 19-июну № 1898-III
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине кошумча маселелер киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине төмөнкү маселелер кошумча киргизилсин:
"Бишкек шаарында 2007-жылдын 15-майында кол коюлган "Ош-Иркештам жолун реконструкциялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу";
"1 жана 2-Камбарата гидроэлектростанцияларын куруу жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу";
"Токтогул гидроэлектростанцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.
Төрага | М. Султанов |
|
|