Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 19-июну № 1901-III
"Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Ташиев жана А.А.Турсунбаев тарабынан демилге көтөрүлгөн "Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | М. Султанов |
|
|