Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-апрели № 4951-V
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А. Арапбаев, М.Ю. Абдылдаев, 9.4. Текебаев, Ч.А. Турсунбеков, К.С. Самаков, А.Н. Измалкова, М.Г. Мадеминов, З.И. Бекбоев, И.К. Гусаров, У.С. Чолпонбаев, Ж.К. Кудайбергенов, А.Э. Суракматов, Д.А. Жумабеков, К.Ж. Рыспаев, И.А. Пирматов, Д.Ш. Исаева, Н.А.Нарматова, К.З. Мурзабеков, Н.Н. Бадыкеева, А.Ш. Султанов, У.Т.Кочкоров, Ы.К. Кадыралиева, Э.С. Иманалиева, А.А. Калмаматов, А.Ж. Эшимов жана Б.Э. Төрөбаев тарабынан демилгелепген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат богонча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 10 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (К.С. Самаков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |