Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-апрели № 4966-V
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Г. Бекматов, К.С. Дыйканбаев, Э.А. Кочкарова, Г.А. Скрипкина, Ч.А. Турсунбеков жана Н.А. Нарматова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл керектүү жабдууларды тийиштүү деңгээлде жана өз учурунда камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорунун негизинде бир булактан сатып алуу методу менен мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу сунуш кылынсын.
3 .Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдын 1-беренесинин 4-пунктун жүзөгө ашыруу максатында шайлоочулардын акыркы тизмесинин көчүрмөсүн участкалык шайлоо комиссияларынын орун-жайларынын алдындагы стендге илүүнү камсыз кылууга багытталган жобону өзүнүн ченемдик укуктук актыларына киргизсин, ал добуш берген күнгө чейин 3 календардык күндөн кеч эмес Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан участкалык шайлоо комиссияларына берилет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамда жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине (Н.В. Никитенко) жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков |