Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 22-июну № 1916-III
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине кошумча маселе киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.И.Урманаевди депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу менен жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасын кароо боюнча депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине кошумча киргизилсин.
Төрага | М. Султанов |
|
|