Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-апрели № 4975-V
К.К.Юдахиндин 125 жылдык юбилейи жөнүндө
2015-жылы Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү илимпозу жана коомдук ишмери Константин Кузьмич Юдахиндин - советтик тилчи-тюркологдун, лингвисттин, кыргыз таануучунун, Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын академигинин, фундаменталдуу Кыргызча-орусча сөздүктү жана Орузча-кыргызча сөздүктү түзүүчүнүн туулган күнүнө 125 жыл толот.
"Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин биринчи абзацын жетекчиликке алып, муундардын тарыхый эс-тутумунда сактоо максатында, кыргыз илимин жана тилин өнүктүрүүгө сиңирген зор эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
К.К.Юдахиндин 125 жылдык юбилейин өткөрүүнү 2015-жылдагы жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмесине киргизсин;
юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссияны түзсүн, иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана 2015-жылдагы республикалык бюджетте тийиштүү финансылык каражаттарды карасын;
К.К.Юдахиндин өмүрү жана ишмердиги жөнүндө теле-, радио берүүлөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарында материалдарды жарыялоону уюштурсун;
ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө кабыл алынган чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчыларына - акимдерге К.К.Юдахиндин 125 жылдык юбилейине байланышкан иш-чараларды уюштуруу боюнча чараларды кабыл алууну тапшыруу сунуш кылынсын.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына К.К.Юдахиндин 125 жылдык юбилейине карата иш-чараларды уюштуруу боюнча чараларды кабыл алуу сунуш кылынсын.
4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
5 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине (Н.В.Никитенко) жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков |