Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 1-апрели № 4939-V
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун кол жазмалар фондусунун жана Э.З.Гареев атындагы ботаникалык багынын абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун кол жазмалар фондусунун жана Э.З.Гареев атындагы ботаникалык багынын абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-февралындагы № 414-V протоколдук тапшырмасынын аткарылышын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөндөгүлөрдү белгилейт:
Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институту Улуттук илимдер академиясынын эң алгачкы институттарынын бири болуп саналат. Өзү түзүлгөн 1952-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин кыргыз элинин материалдык эмес байлыктары, анын тарыхы, маданияты, адабияты жана тили боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп келет. Институттун кол жазмалар фондусунда "Манас" эпосунун улуу залкар манасчылардан жазылып алынган көптөгөн варианттары, улуу акын-жазуучулардын эмгектери, кыргызча-орусча сөздүктөрдүн түп нускалары, өтө баалуу кол жазмалары, кыргыз элинин үрп-адаттары, салттары тууралуу маалыматтар камтылган араб жана башка тилдердеги байыркы жазма булактар сакталып келет. Ушундай баа жеткис мурастарды сактап калуу максатында институттун кызматкерлери өздөрүнүн күчү менен аларды санариптик форматка өткөрүү иштерин жүргүзүүдө. Бирок, бул максаттар үчүн дагы 3 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатты талап кылынат.
Э.З.Гареев атындагы ботаникалык бак 1938-жылы негизделген жана Улуттук илимдер академиясынын илим-изилдөө институту болуп саналат. Бүгүнкү күндө ал дарак жана бадал өсүмдүктөрү, декоративдүү гүл өсүмдүктөрү, мөмө бак өсүмдүктөрү, эксперименталдык ботаника боюнча лаборатория жана Нарын шаарындагы 1 филиалдан турат. Алар өсүмдүктөрдүн Кыргызстандын шартына ыңгайлаштыруусун, алардын физиологиясын, селекциясын, генетикасын, биологиялык ар түрдүүлүгүн изилдеп жатышат. Улуттук илимдер академиясынын ботаникалык багы - Борбордук Азиядагы эң ири ботаникалык бактардын бири. Анын коллекциялык фондунда 5000ге жакын өсүмдүктөрдүн түрү бар, жалпы аянты 150 гектарды түзөт.
Соңку жылдары мамлекет тарабынан ушул маанилүү мекемеге жетишээрлик деңгээлде көңүл бурулбай келе жатат. Бул ботаникалык бактын абалына, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө, инфраструктурасына, сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдү сактоого терс таасирин тийгизүүдө.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун кол жазмалар фондусунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кол жазмаларды санариптик форматка түшүрүү, кол жазмалар фондусунда турган тарыхый баалуу материалдарды сактоо боюнча чараларды кабыл алсын жана ушул максаттар үчүн 2015-жылга республикалык бюджеттен 3 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлсүн;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.З.Гареев атындагы ботаникалык багынын инфраструктурасын сактоо жана өркүндөтүү, сейрек кездешүүчү дарак-бадалдары, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн, гүл жана дары чөптөрүн сактоо, ботаникалык бактын жер тилкелерин коргоо жана сугат системаларын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды көрсүн. Ушул максаттар үчүн 2015-жылга республикалык бюджеттен 50 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын жана андан кийинки жылдарга жыл сайын республикалык бюджеттен 10 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берсин;
2015-жылдын 1-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ушул токтомдун аткарылышынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун жана Э.З.Гареев атындагы ботаникалык багынын материалдык-техникалык абалын жакшыртууга багытталган гранттык каражаттарды жана инвестицияларды тартуу боюнча иш-чараларды кабыл алуу сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |