Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-апрели № 4956-V
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» (ишкердик субъектилерин каттоо жана жоюу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө) (Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексине, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө», «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө», «Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө», «Бухгалтердик эсен жөнүндө», «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Мамлекеттик статистика жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө», «Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчн окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д. Бекешев, А.Н. Измалкова, У.Т. Кочкоров, Ш.Ч. Айтматова, М.Б. Тиленчиева тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» (ишкердик субъектилерин каттоо жана жоюу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө) (Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексине, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө», «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө», «Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө», «Бухгалтердик эсеп жөнундө», «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Мамлекеттик статистика жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө», «Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (К.С. Самаков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |