Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 11-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-апрели № 5056-V
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө төмөнкүлөр кирет:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети.
2. Ушул токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдөн турат:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринен;
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринен;
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринен;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинен - Кыргыз Республикасынын министринен;
Кыргыз Республикасынын министрлеринен;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитетинин төрагасынан.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомдон келип чыгуучу мыйзамдардын долбоорлорун үч айдын ичинде иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3934-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков |