Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-апрели № 5014-V
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуунун жол-жоболоруна кайтаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык депутаттар К. Абдиев, М.Ю. Абдылдаев, Б.А. Мамырова, Г.А. Скрипкина, К.К. Омурбеков, З.И. Бекбоев, Т.В. Левина, М.Э. Сабиров жана К.К. Дыйканбаев тарабынан демилгеленген, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 18-мартындагы № 4903-V токтому менен экинчи окууда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароо үчүнчү окууга калтырылсын жана экинчи окуунун жол-жоболоруна кайтарылсын.
2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 18-мартындагы № 4903-V токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитети (А.Т. Алтыбаева) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган Мыйзамдын долбоорун жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |