КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-апрели № 5035-V
"2014-жылдын 25-июнунда Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы (Ислам биримдигинин өнүктүрүү фондунун администрациясы катары) "Баткен областынын Лейлек районундагы Арка массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу" долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 3-апрелиндеги № 187 токтому) "2014-жылдын 25-июнунда Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы (Ислам биримдигинин өнүктүрүү фондунун администрациясы катары) "Баткен областынын Лейлек районундагы Арка массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу" долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | А. Жээнбеков |