Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-апрели № 4998-V
2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчёту тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 6-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык 2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.К.Оторбаевдин отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчёту жалпысынан канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жогорку Кеңештин комитеттеринин чечимдеринде жана Жогорку Кеңештин депутаты Н.А.Нарматованын жазуу жүзүндөгү сунуштарында көрсөтүлгөн маселелерди чечүүгө өзгөчө көңүл бурсун жана конкреттүү иш-чараларды кабыл алсын (тиркелет).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомдун аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжалары жөнүндө Жогорку Кеңешке 2015-жылдын 1-декабрына карата маалымат берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Жогорку Кеңештин 2011-жылдын 3-февралындагы № 146-V токтому менен бекитилген карамагындагы маселелерге ылайык Жогорку Кенештин тийиштүү комитеттерине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков |