КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-майы № 5112-V
"1997-жылдын 18-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кошумча нарктан салык алуунун принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 16-апрелиндеги № 216 токтому) "1997-жылдын 18-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кошумча нарктан салык алуунун принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | А. Жээнбеков |