Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-майы № 5073-V
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Арапбаев, М.Ю.Абдылдаев, Ө.Ч.Текебаев, Ч.А.Турсунбеков, К.С.Самаков, А.Н.Измалкова, М.Г.Мадеминов, З.И.Бекбоев, И.К.Гусаров, У.С.Чолпонбаев, Ж.К.Кудайбергенов, А.Э.Суракматов, Д.А.Жумабеков, К.Ж.Рыспаев, И.А.Пирматов, Д.Ш.Исаева, Н.А.Нарматова, К.З.Мурзабеков, Н.Н.Бадыкеева, А.Ш.Султанов, У.Т.Кочкоров, Ы.К.Кадыралиева, Э.С.Иманалиева, А.А.Калмаматов, А.Ж.Эшимов жана Б.Э.Төрөбаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (К.С.Самаков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |