Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-майы № 5130-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызматына талапкерлерди көрсөткөн сунуштамасын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык төмөнкүлөр 7 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызматына шайлансын:
Абдиев Курмантай;
Саалаев Жедигер Ибраимович.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга жатат.
Төрага | А. Жээнбеков |