Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-майы № 5092-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" (алкоголдук ичимдиктерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө) ("Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, Т.В.Левина, Ш.Айтматова Т.Бакир уулу, Э.Б.Исаков, К.С.Самаков, А.Т.Алтыбаева, А.Н.Измалкова, М.А.Расулов, Н.А.Касымбеков Г.Садырбаева, Б.А.Мамырова, Б.С.Кадыров, Ч.А.Султанбекова, Т.М.Узакбаев, К.С.Дыйканбаев, А.А.Досалиев, У.К.Нуркулов, А.Маматов, Н.А.Мадалиев, К.Осмоналиев, Н.В.Никитенко, Ж.Р.Сапарбаев, Б.А.Маматов, М.Б.Тиленчиева, А.Б.Калматов, У.Т.Кочкоров, И.Ю.Карамушкина, Р.К.Акназарова, Г.А.Скрипкина, О.Л.Домшенко, А.А.Сасыкбаева, Б.Ж.Жетигенов, Д.Ө.Тербишалиев, К.Б.Орозова, М.Ю.Абдылдаев, К.Т.Туманов, Т.З.Зулпукаров, М.М.Кадырбекова жана М.Э.Сабиров тарабынан демилгеленген ("Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" (алкоголдук ичимдиктерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө) ("Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) Кыргыз Республикасынын : Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (К.С.Самаков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |