Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-майы № 5086-V
"Чегерилген пайыздар, туумдар, салыктар жана бажы төлөмдөрү боюнча салык санкциялары боюнча карыздарды реструктуризациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Н.Измалкова, Ч.А.Турсунбеков, Ж.К.Исаев, К.С.Самаков, Г.О.Жамгырчинова, Т.А.Салимов, Р.К.Акназарова, З.И.Бекбоев, А.А.Арапбаев, И.К.Гусаров З.С.Жоошбеков жана К.С.Дыйканбаев тарабынан демилгеленген "Чегерилген пайыздар, туумдар, салыктар жана бажы төлөмдөрү боюнча салык санкциялары боюнча карыздарды реструктуризациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (К.С.Самаков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |