Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-майы № 5095-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 3-октябрындагы № 3473-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 3-октябрындагы № 3473-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков |