Редакцияот 21.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 21-майы № 5124-V

"Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.К.Кочкорбаев жана Н.А.Нарматова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети (Э.А.Сакебаев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү жана жыйналышта айтылган сунуштарды стенограммага ылайык эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага

А. Жээнбеков