КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-майы № 5157-V
Сатынды Кожокматовдун 80 жылдык юбилейи жөнүндө
2015-жылы Кыргыз Республикасынын тунгуч ортопед-травматологу, медицина илимдеринин доктору, профессор Сатынды Кожокматовдун туулгандыгына 80 жыл толот.
"Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин биринчи абзацын жетекчиликке алып, муундардын тарыхый элестерин сактоо жана кыргыз элинин даңктуу уулу Сатынды Кожокматовдун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
Сатынды Кожокматовдун 80 жылдык юбилейин өткөрүүнү 2015-жылдагы жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмесине киргизсин;
юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссияны түзсүн, иш-чаралардын планынын иштеп чыксын жана 2015-жылга республикалык бюджетте тийиштүү финансылык каражаттарды карасын;
Сатынды Кожокматовдун өмүрү жана ишмердиги жөнүндө теле-, радио берүүлөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарында материалдарды жарыялоону уюштурсун;
ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө кабыл алынган чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчыларына - акимдерине Сатынды Кожокматовдун 80 жылдык юбилейин майрамдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу тууралуу тапшырма берүү сунуш кылынсын.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Сатынды Кожокматовдун 80 жылдык юбилейин майрамдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу боюнча чечимдерди кабыл алуу сунуш кылынсын.
4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине (Н.В.Никитенко) жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |