Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-майы № 5132-V
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши тууралуу Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин жылдык отчёту жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши тууралуу Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин жылдык отчётун карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт:
"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши (мындан ары - Байкоочу кеңеш) Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (мындан ары - КТРК) жогорку башкаруучу органы болуп саналат. Байкоочу кеңеш 15 мүчөдөн турган коллегиялдуу орган болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана жарандык коом тарабынан бирдей пропорцияларда түзүлөт.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 18-беренесине ылайык Байкоочу кеңеши жыл сайын, отчёттон кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирбестен КТРКнын иши боюнча Жогорку Кеңешке жылдык отчётун берет (отчёт тиркелет).
Отчёттук 2014-жылы Корпорация Байкоочу кеңеш тарабынан 2012-жылдын 6-декабрында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2013-2015-жылдарга карата өнүгүү стратегиясына ылайык анда каралган стратегиялык планды иш жүзүнө ашыруу боюнча ишмердигин уланткан.
КТРК теле жана радиоканалдардын аудиториясынын белгилүү сегментине ылайык кызыкчылыктарына, жаш курак категорияларына жараша төмөндөгү тематика жана көрсөтүүлөрдүн жанрлары боюнча берүүлөрдү даярдашкан.
"Коомдук Биринчи канал" телеканалы - коомдук-саясий телеканалы;
"КТРК Музыка" телеканалы - музыкалык-көңүл ачуучу телеканалы;
"КТРК Маданият" телеканалы - маданий-агартуучу телеканалы;
"КТРК Баластан" телеканалы - балдарга билим берүүчү телеканалы;
"КТРК Спорт" телеканалы - жаңы спорт телеканалы;
"Биринчи Радио" КТРКнын радиосунун I программасы - маалыматтык радио;
"Кыргыз Радиосу" КТРКнын радиосунун II программасы - маданий-агартуучулук багыттагы радио;
"Миң-Кыял FM" КТРКнын радиосунун III программасы - музыкалык-көңүл ачуучу форматтагы жаштар радиосу.
"Ала-Тоо" маалыматтык программасын жакшыртуу багытында иштер жүргүзүлгөн. Ал берүүлөрдү, жаңылыктарды, аймактык маалыматты көбөйтүү, кабарчылык пункттарды өркүндөтүү аркылуу ишке ашырылган. КТРКнын түштүк студиясы ишке киргизилген. Жаңылыктар блогунда өлкөнүн түштүк облустарынан алынган жаңылыктар жана маалыматтар түздөн-түз берүү менен тике туташтырууну жүргүзүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бардык аймактагы кабарчылар пункттары жаңы санариптик монтаждоочу-репортердук жабдуулар жана техникалар менен камсыз кылынды.
Корпорациянын студияларын жана аппараттык студияларын модернизациялоо жүргүзүлдү, бул КТРКнын бардык төрт телеканалын тең (КТРК 1, "Музыка", "Баластан" жана "Маданият") санариптик телеберүүнү ишке киргизген учурда эфирге даярдоо жана чыгуу үчүн кошумча студиялар менен камсыз болот.
Корпорациянын кызматкерлеринин билимин өркүндөтүүдө жаңы технологияларга өтө маанилүү көңүл бурулду. Алар үчүн 2014-жылы 33 окутуучу иш-чаралар жүргүзүлүп, аларга 414 кызматкер тартылган.
2014-жылы коомчулук менен бир нече жолугушуулар өткөрүлгөн. Баткен, Жалал-Абад, Нарын областтарында 3 пресс-тур уюштурулган. КТРК тарабынан Байкоочу кеңештин мүчөлөрү, редакциялык кеңеш, Корпорациянын чыгармачыл жана техникалык кызматкерлери катышкан.
Теле көрүүчүлөр менен радио угуучулардын ой-пикирлерин, сунуштарын угуу максатында Коомдук кабылдама уюштурулган. Отчёттук мезгил ичинде Коомдук кабылдамага бардыгы болуп 238 кайрылуу келип түшкөн. Алар боюнча чаралар кабыл алынган.
2014-жылдын жыйынтыктары боюнча КТРКнын санариптик телеберүүсүнүн социалдык пакетине социалдык багыттагы тармактык 5 телеканал киргизилген, алар: "Коомдук Биринчи канал", "Маданият", "Баластан", "Музыка" жана "Спорт". Коомдук берүүлөрдүн негизги принциптерине жооп берген КТРК калктын бардык катмарлары жана топтору үчүн жанрдык берүүлөрдүн толук сегментин өнүктүрүү жана жайылтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Корпорация өзүнүн берүүлөрүнүн 50 пайыздан ашыгын мамлекеттик тилде жүзөгө ашырууга милдеттүү. 2014-жылы жалпы көлөмдө мамлекеттик тилиндеги берүүлөр (КТРКнын теле-, радио каналдары боюнча) 72 пайызды түзгөн.
Техникалык модернизациялоо боюнча пландаштырылган милдеттердин бардыгын иш жүзүнө ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 380 млн. сом өлчөмүнө жакын каржылоо талап кылынат. Бирок каржылоонун жоктугунан улам, отчёттук 2014-жылы милдеттенмени иш жүзүнө ашыруу жарым-жартылай жана өтө актуалдуу пункттары боюнча гана аткарылган.
Бирок, Байкоочу кеңештин отчётунда КТРКнын 2014-жылдагы редакциялык саясатты, телерадиоберүүлөрдүн мазмунун жана сапатын жакшыртуу, алардын объективдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иштер кандай жүргүзүлгөндүгү талдоого алынган эмес. Алар КТРКнын жүргүзгөн иштерин баяндоо менен гана чектелген.
2014-жылы Байкоочу кеңештин 13 жыйыны өткөрүлгөн. Аларда корпорациянын негизги ишмердүүлүгүнө байланышкан эки-үч гана маселе каралганы болбосо, калганы техникалык мүнөздө болгон. Ошондой эле КТРКнын башкы директорун шайлоого байланышкан маселелер каралган. Мурдагы жыйындарда каралган маселелер боюнча өздөрүнүн чечимдери кандай аткарылгандыгы жөнүндө эч нерсе айтылган эмес.
Теле көрүүчүлөрдүн жана радио угуучулардын кайрылуулары боюнча Байкоочу кеңештин иши жөнүндө эч кандай маалымат жок.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Байкоочу кеңештин дарегине Бишкек шаарынын тургуну А.Насипованын (2014-жылдын 11-ноябрындагы № 12-11611/14) кайрылуусу жөнөтүлгөн. Анда 2014-жылдын 31-октябрында журналист Б.Сутенованын "Демократия сабактары" телеберүүсү эфирде жүрүп жаткан жеринен алынып салынгандыгы айтылган. Байкоочу кеңеш КТРКнын ишиндеги мындай орой тартип бузууга принципиалдуу баа бере алган эмес.
Парламенттин жыйындарында теле көрүүчүлөрдүн жана радио угуучулардын каттарында КТРКнын иши, айрыкча айрым телеберүүлөрдө фактылардын аныктыгы жана тактыгы боюнча бир катар дооматтар айтылып келет. Бирок, ал боюнча Байкоочу кеңеш тарабынан кандай чаралар көрүлгөндүгү отчётто баяндалган эмес.
Коомдук биринчи каналдын берүүлөрүндө Жогорку Кеңештин жана депутаттардын ишмердүүлүгүн бир тараптуу, калпыс чагылдырылып жаткандыгы, алар көбүнчө чет өлкөлүк мамлекеттер тарабынан каржыланган маалымат программаларында орун алгандыгы айтылган. Бул маселеге да Байкоочу кеңеш кайдыгер мамиле жасаган.
Кыргыз телекөрсөтүүсүндө илим жаатында атайын берүүлөр аз. Акыркы жылдары "Илим жана турмуш" телекөрсөтүүлөрү берилүүдө, бирок мурдагы убактысы өзгөртүлүп, күндүзгү маалга которулгандыгына көрүүчүлөр тараптан нааразычылыктар болууда. Байкоочу кеңеш тарабынан кайсы телеберүүлөргө калктын кызыкчылыгы, каалоосу бар экендиги да талдоого алынбайт. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан илимди реформалоого, анын натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканда КТРК да бул проблемаларды чагылдырууга тийиш.
Байкоочу Кеңеш ар бир жылдын 30-мартынан кечиктирилбестен жылдык жыйналышын өткөрүп, ал жыйналышта ишинин жыйынтыгы чыгарылып, КТРКнын ишине тиешелүү баа берилет. Башкы директор Байкоочу кеңешке отчёт берүүгө милдеттүү. Бирок, башкы директордун отчёту жөнүндө эч кандай маалымат камтылбаган. Байкоочу кеңеш "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөн негизги милдеттерди аткаруу боюнча үстүртөн баяндоо менен чектелген.
Отчётто Корпорацияга толук же жарым-жартылай, тикелей же кыйыр түрүндө тийиштүү болгон бардык компаниялар же ишканалар жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш эле. КТРКнын курамындагы республикалык радиотелеборбор, Д.Садырбаев атындагы "Кыргызтелефильм" студиясы жөнүндө маалыматтар жок.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан 2014-жылы КТРКнын 2013-жылдагы финансылык иштери текшерилген жана олуттуу кемчиликтер, каражаттарды максатсыз пайдалануулар белгилүү болгон. Бирок ушул маанилүү маселе Байкоочу кеңештин көз жаздымында калган.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши боюнча Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин жылдык отчёту эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү санариптик телекөрсөтүүгө өтүүгө байланыштуу республикалык бюджеттен зарыл каражаттарды толук өлчөмдө бөлүү маселесин карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши:
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши боюнча Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин ар жылдык отчётун мыйзамдын талаптарына ылайык даярдоого көңүл бурсун;
КТРКнын ишине, теле көрсөтүүлөргө, радио уктурууларга байланыштуу сунуштарга, ой-пикирлерге, кайрылууларга олуттуу көңүл бурсун жана тиешелүү чараларды кабыл алсын.
4. Ушул Токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |