Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-июну № 5167-V
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 3-февралындагы № 146-V токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 3-февралындагы № 146-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерге төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
5-бөлүктөгү:
- "жергиликтүү өз алдынча башкаруу" деген сөз аталыштары "регионалдык өнүктүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
- "турак жай-жер маселелери;";
7-бөлүктүн 2-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- социалдык-турак жай маселелери;".
10-бөлүктүн 1-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- турак жай экономикасы;".
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков |