КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-июну № 5182-V
"2014-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ар жылкы баяндамасы тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 133-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык "2014-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ар жылкы баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"2014-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ар жылкы баяндамасы жактырылган жок деп эсептелсин.
Төрага | А. Жээнбеков |