Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-июну № 5217-V
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан 2014-жылы жана 2015-жылдын үч айында жарандарга паспортторду жана айдоочунун күбөлүктөрүн мыйзамсыз берүү фактылары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-мартындагы П № 417-5 протоколдук тапшырмасын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.З.Зулпукаров тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан паспортторду жана айдоочунун күбөлүктөрүн мыйзамсыз берүү фактылары жөнүндө маселени карап чыгып, ошондой эле анын коомдук маанисин эске алуу менен бул маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына алып чыгуу тууралуу чечим кабыл алды.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы А.К.Шайыкованын каралып жаткан маселе боюнча маалыматын угуп, төмөндөгүлөрдү белгилейт:
Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту адамдын мамлекетке таандык экендигин тастыктаган документ болуп саналат. Аны мыйзамсыз берүү мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирет.
Мыйзамдарга ылайык мыйзамды бузууда күнөөлүү кызмат адамы кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш. Прокуратура, аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары, алардын кызмат адамдары мындай фактыларды ырааттуу жана ар дайым иликтеп турууга, аларга жол бербөөгө багытталган иштерди жүргүзүүгө тийиш.
2015-жылдын февралында укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен жана көз карандысыз эксперттерден турган Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин ведомстволор аралык жумушчу тобу тарабынан "Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын кесепеттерин четтетүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы № 215 Жарлыгын аткарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо департаментинин, маалыматтык кызмат көрсөткөн адистештирилген борбордун, ошондой эле алардын Бишкек, Чүй областынын бөлүмдөрүнүн ишине текшерүү жүргүзүлгөн.
Натыйжада кемчиликтер көрсөтүлүп, ошол органдардын жетекчилиги тарабынан контролдун жоктугу, ошондой эле борбордук аппарат менен аймактык бөлүмдөрдүн ортосундагы тыгыз өз ара аракеттердин жетишсиздиги белгиленген. Жогоруда аталган департаментте коррупциялык тобокелчиликтин 45, ал эми ЗАГС органдарында 25 фактысы белгилүү болгон. Белгилүү болгон кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштар иштелип чыккан. Бирок ал сунуштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги тарабынан аткарылган эмес.
Жогоруда аталган кемчиликтер белгилүү болгонго чейин жана андан кийин Өкмөт тарабынан тийиштүү чаралар кабыл алынган эмес, аларды четтетүү боюнча иш чаралар иштелип чыккан эмес.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы А.К.Шайыкованын маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматын текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин ведомстволор аралык жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан сунуштарды жүзөгө ашырууну өзгөчө көзөмөлгө алсын;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ишин контролдоочу вице-премьер-министрдин жана Өкмөттүн аппаратынын жооптуу кызматкерлеринин жоопкерчилигин карасын;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен чет элдик компаниялардын ортосунда түзүлгөн айдоочунун күбөлүктөрүнүн баасын евро жана АКШ доллары менен эсептөөнү жүргүзүүнү караган келишимдерди кайра карасын; кызмат көрсөтүүлөр үчүн улуттук валюта - сом менен эсеп жүргүзүүнү карасын;
4) ПИН кодду мыйзамсыз берүү фактыларына катыштыгы бар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карасын;
5) ПИН кодду берүү иш-милдетин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын карамагына өткөрүп берүү маселесин чечсин;
6) республикалык бюджеттин эсебинен 7962228 сом мыйзамсыз төлөп берүүлөрү жана башка мыйзам бузуулары үчүн А.К.Шайыкованы ээлеген кызмат ордунан бошотуу тууралуу маселени карасын;
7) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.О.Калмаматовдун сунушун карасын (тиркелет).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
1) орун алган кемчиликтерди 2015-жылдын 1-ноябрына чейин четтетүү жана мындан ары аларга жол бербөө боюнча чараларды кабыл алсын;
2) Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешин ведомстволор аралык жумушчу тобу тарабынан сунуш кылынган коррупцияга карты күрөшүү планын жүзөгө ашыруу жана бул багытта максатка багытталган иштерди жүргүзүү боюнча иш чараларды белгилесин.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
1) мурда сот жоопкерчилигине тартылган, реабилитацияга жатпаган негизде кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган кызмат адамдарынын иштеп туруусунун укук ченемдүүлүгүн карасын;
2) паспортторду мыйзамсыз бергендиги үчүн козголгон кылмыш иштерин көзөмөлгө алсын жана аларды сотко өз учурунда өткөрүп берсин:
а) паспортторду жана айдоочунун күбөлүктөрүн мыйзамсыз бергендиги үчүн козголгон кылмыш иштерин көзөмөлгө алсын;
б) мыйзамдын талаптарын одоно бузган кызмат адамдарына карата катуу чараларды кабыл алсын;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча жабдууну сатып алууга тендер жүргүзүүнүн мыйзамдуулугуна укуктук баа берсин;
4) программалык жактан камсыз кылынбаган биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча жабдууну сатып алууга республикалык бюджеттин эсебинен 7962228 сомду мыйзамсыз жана негизсиз чыгымдоого жол беришкен кызмат адамдарынын зыяндын ордун толтуруу жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселени карасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча кабыл алынган чаралардын жыйынтыгы тууралуу Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетине 2015-жылдын 10-июлуна карата маалымат берсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетине (К.С.Бокоев) жүктөлсүн.
Төрага | А. Жээнбеков |