Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-июну № 5196-V
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, композитор Рысбай Абдыкадыровдун 75 жылдык юбилейи жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, композитор Рысбай Абдыкадыровдун 75 жылдык юбилейи жөнүндө" маселени карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Р.Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош областынын Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Булак айылында туулган. 1963-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык факультетин бүтүргөн. Өзүнүн эмгек жолун Кара-Кулжа районунун элдик театрында иштөө менен баштаган, андан соң Жалал-Абаддагы Барпы атындагы областтык драма театрында иштеген.
Р.Абдыкадыров композитор, аткаруучу катары кыргыз музыка дүйнөсүндө чоң из калтырган. "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде", "Жүрөктү кетпе жаралап", "Айтсаң боло", "Ак кайың", "Бакыт ыры" "Биз экөөбүз", "Бото көз", "Жолугупсуз мага бекер сиз", "Жүрөк вальсы" жана башка көптөгөн обондору жана музыкалык чыгармалары нукура элдик ырларга айланып, азыркы күңгө чейин баркын жоготпой аткарылып келүүдө. XX кылымдагы кыргыздын залкар обончусунун жана ырчысынын чыгармалары кыргыз музыкасынын классикасы болуп эсептелет.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, композитор Рысбай Абдыкадыровдун кыргыз маданиятынын жана искусствосунун өнүгүүсүнө кошкон зор салымын эске алып, 2016-жылы анын 75 жылдыгын өткөрүү боюнча тиешелүү иш-чараларды кабыл алсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төрага | А. Жээнбеков |