Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-июну № 5206-V
"2015-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токмок шаарында суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо" жөнүндө Кредиттик макулдашууну жана Европа бирлигинин каражаттарынан Борбордук Азия үчүн ЕС Инвестициялык фонду жана ЕБРРдин уюштуруучуларынын Атайын фонду аркылуу каржылануучу "Токмок шаарында суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо" долбоору үчүн Кыргыз Республикасынын, Токмок шаарынын мэриясынын, "Токмок суу канал" муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө" Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 15-майындагы № 296 токтому) "2015-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токмок шаарында суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо" жөнүндө Кредиттик макулдашууну жана Европа бирлигинин каражаттарынан Борбордук Азия үчүн ЕС Инвестициялык фонду жана ЕБРРднн уюштуруучуларынын Атайын фонду аркылуу каржылануучу "Токмок шаарында суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо" долбоору үчүн Кыргыз Республикасынын, Токмок шаарынын мэриясынын, "Токмок суу канал" муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө" Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А. Жээнбеков |