КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-июну № 5246-V
"2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 28-майындагы № 333 токтому) "2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А. Жээнбеков |