Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-июну № 5265-V
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 63-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 12-мартында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөнкү курамда макулдашуу тобу түзүлсүн:
Дыйканбаев К.С. - Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасынын орун басары;
Жоошбеков З.С. - Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасынын орун басары;
Маматов Б.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Бокоев К.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечиси;
Маматов A.M. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Исаева Д.Ш. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Абдылдаев М.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;
Касмалиев А.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министри.
2. Макулдашуу тобу 30 календардык күндөн кеч эмес жогоруда аталган Мыйзамдын макулдашылган вариантын жана ага түзөтүүлөрдүн таблицасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |