Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-июну № 5253-V
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуунун жол-жоболоруна кайтаруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч. Текебаев тарабынан демилгеленген жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 20-майындагы № 5058-V токтому менен экинчи окууда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо кийинкиге калтырылсын.
2 .Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети (С.К. Нышанов) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун экинчи окуунун жол-жоболоруна кайтаруу маселесин карасын.
Төрага | А. Жээнбеков |