КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-июну № 5347-V
"2015-жылдын 15-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы KfW жергиликтүү бюросун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 17-июнундагы № 373 токтому) "2015-жылдын 15-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы KfW жергиликтүү бюросун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Ч. Султанбекова |