Редакцияот 25.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 25-июну № 5327-V

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Аманбаев Бактыбек Абдилашимовичти кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 125-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып жана "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аманбаев Бактыбек Абдилашимович Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

2. Ушул токтом кабыл алган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А. Жээнбеков