Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 24-декабрындагы № 826

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2000-жылдын 4-сентябры № 545

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

"Баткен мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын

25-июлундагы Указын турмушка ашыруу тууралу

 

"Баткен мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 25-июлундагы Указын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 

1. Ош мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя филиалыиын, Ош технологиялык университетинин Кызыл-Кыя филиалынын, Ош технологиялык уииверситетинин Сүлүктү филиалынын, Ош мамлекеттик университетинин Сүлүктү филиалынын, Оштогу жогорку педагогикалык колледждин Сүлүктү филиалынын, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин Окуу-консультативдик пунктунун базасында башкы мекемеси Баткен шаарында жайгашуу менен Баткен мамлекеттик университети (БатМУ) түзүлсүн.

2. Баткен областтык мамлекеттик администрациясы эки айлык мөөнөттө Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесин имарат, зарыл коммуникациялык кызматтар жана каражаттар менен камсыз кылсын; Баткен мамлекеттик университетин жарым-жартылай областтык бюджеттен финансылоо маселесин чечсин.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлиги:

- ушул токтомдун 1-пунктунда саналган билим берүү мекемелеринин негизги фонддорун, транспорт каражаттарын, финансылоо көлөмүн жана материалдык-техникалык каражаттарын 2000-жылдын 25-июлундагы абал боюнча Баткен мамлекеттик университетинин балансына акысыз тартипте өткөрүп берсин;

- Баткен обалсттык мамлекеттик администрациясы менен бирдикте Баткен мамлекеттик университетин материалдык-техникалык жана окуу-методикалык жактан камсыз кылуу маселелерин чечсин;

- Баткен мамлекеттик университетинин уставын каттасын, анын кызмат орундарынын тизмесин аныктасын;

- кадр маселелерин чечсин, керектөөнү жана актуалдуулукту эске алуу менен Баткен мамлекеттик университетинде кадрларды даярдоонун багытын жана адистигин аныктасын.

4. Баткен мамлекеттик университетин финансылоо Ош мамлекеттик университетине, Ош технологиялык университетине Оштогу жогорку педагогикалык колледжге жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетине бөлүнгөн каражаттардын чектеринде Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлиги тарабынан жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Баткен мамлекеттик университетине биринчи курска 2000-2001-окуу жылына бюджеттик негизде 50 орун көлөмүндө студенттерди кабыл алууну жүзөгө ашыруу үчүн кошумча каражаттарды бөлсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Баткен обалсттык мамлекеттик администрациясы Баткен мамлекеттик университетинин окуу-өндүрүштүк базасын жана илимий-окутуучу курамын андан ары түзүү келечектерин эске алып 2010-жылга чейин аны өнүктүрүү жана калыптандыруу концепциясын бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын.

7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлигине жүктөлсүн.

 

 

Премьер-министр

А.Муралиев