Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-июну № 5275-V
2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгуловдун отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык 2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгуловдун отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгуловдун отчету канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банкы:
1) экономиканы "долларлаштырууну" төмөндөтүү үчүн маалымат-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү аркылуу улуттук валютага жалпы ишенимдүү жогорулатуу боюнча программаны иштеп чыксын;
2) агрокомплекстерде жана экспортко багытталган тармактарда айыл чарбасын кайра иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүүнү колдоону активдештирсин;
3) банк жана микрофинансы секторлорду, бизнес ассоциацияларды жана башка кызыкдар уюмдарды активдүү. тартуу менен Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугунун концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу жана аны андан ары жүзөгө ашыруу боюнча ишти тездетсин;
4) Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмышка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын, Ички иштер министрлигин, Мамлекеттик салык кызматын тартуу менен накталай чет элдик валюталарды алмаштыруу чөйрөсүндөгү мыйзамсыз (лицензиясы жок) ишкердик ишти таап чыгуу жана бөгөт коюу боюнча чараларды кабыл алысын;
5) "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорун жүзөгө ашырууну колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредиттик аукциондорунун алкагында банктарды кайра финансылоо үчүн бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууга мониторингди ишке ашырсын (2 жана 3-долбоорлор);
6) өлкөнүн экономикасына инвестиция катары "узун" акчаларды тартуу боюнча иш-чараларды иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
1) 2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын отчету, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын текшерүү актысында белгиленген кемчиликтер боюнча талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-пикирлерди четтетсин;
2) акча-кредит саясатын башкаруунун сапатын жогорулатсын жана Кыргыз Республикасынын ЕАЭСке кирүүсүнүн шарттарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банкынын биргелешкен билдирүүсүндө белгиленген багыттардын алкагында инфляциянын деңгээлин кармап туруу боюнча тийиштүү иш-чараларды жүзөгө ашырсын;
3) дүйнөлүк финансы рынокторунун абалына байма-бай мониторингди ишке ашыруу, чет өлкөлүк банктардын, контрагенттердин финансылык абалына байкоо салуу жана дүйнөлүк финансы рыногунда кырдаалдын өзгөрүүсүнө өз учурунда мамиле жасоо жолу аркылуу алтын валюталык резервдердин көлөмүн жогорулатуу боюнча зарыл чараларды кабыл алуу боюнча ишти улантсын;
4) АКШ долларынын рыноктук курсуна валюталык интервенцияны киргизүүнүн натыйжалуулугуна мезгил-мезгили менен талдоо жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугу маселени карасын;
5) төмөнкү багыттар боюнча иштерди улантсын:
а) финансылык ортомчулуктун деңгээлин жогорулатуу жана ченемдик-укуктук актыларды өркүндөтүү жана кредиттерди берген жана финансылык кызмат көрсөткөн мекемелер үчүн ресурстук базаларды жогорулатуу аркылуу ишкерлер жана жалпы калк үчүн финансылык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүү болушун кеңейтүү;
б) банк жана микрофинансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча нормативдик актыларды өркүндөтүү;
6) республиканын калкынын накталай эмес формада банк төлөмдөрүнүн кызматына жетүүсүн жогорулатуу үчүн 2012-2017-жылдарда Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептердин үлүшүн жогорулатуу боюнча Мамлекеттик программанын иш-чараларын жүзөгө ашыруу алкагында республиканын региондорунун географиялык жактан алыстыгын эске алуу менен банктык төлөм карталары боюнча кабыл алуу жана тейлөө багытындагы банкоматтардын жана терминалдардын тармактарын кеңейтүү боюнча коммерциялык банктардын милдеттенмелерин аткарышын контролдоону ишке ашырсын;
7) Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги менен бирдикте улуттук жана чет өлкөлүк валюталар менен салымдар боюнча кепилдендирилген төлөмдөрдүн суммасын жогорулатуу жолу аркылуу калктын ресурстарын топтоштуруу мүмкүнчүлүгүн карасын;
8) банктарда жана башка финансылык-кредиттик мекемелерде банк иштеринин исламдык принциптерин андан ары өнүктүрүүнүн жана өркүндөтүүнүн, ислам принциптерине негизделген финансылык өз ара мамилелердин маданиятын түзүүнүн жана жогорулатуунун механизмин иштеп чыксын;
9) банктарды жана башкы финансылык-кредиттик мекемелерди каржылоонун нукура исламдык принциптерин өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча шарттарды жана мыйзам чөйрөсүн түзсүн, ошондой эле чараларды кабыл алсын, ушул максатта мындай банктар жана финансылык-кредиттик мекемелер үчүн уставдык капиталда кыйла төмөнкү талаптарды белгилөө боюнча маселени карасын;
10) кыргыз банктарына кредит берүү процессинде потенциалдык жоготууларды жана чыгашаларды жабууга резервдерге коюлган талаптарды төмөндөтүү үчүн башка өлкөлөрдүн (өзгөчө ЕАЭС өлкөлөрүндө) борбордук банктары менен өз ара аракеттер боюнча чараларды жүзөгө ашырсын;
11) банк системасына калктын ички салымдарын тартуу боюнча иш-чараларды иштеп чыксын;
12) заемчылардын жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик мекемелердин иштеринин ылайык келүүсүнө көзөмөлдү күчөтсүн; коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик мекемелердин заемчылары жана күрөөгө коюучулары көтөргөн маселелерди жөнгө салуу боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
13) микрофинансылык уюмдардын иштерине көзөмөлдү жана жөнгө салууну жүзөгө ашыруу, анын ичинде Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө боюнча мыйзамдарды сактоо боюнча ишти улантсын.
Төраганын орун басары | А. Жээнбеков |