КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-июну № 5358-V
"2015-жылдын 15-июнунда Жичжао шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу, Арал-Казарман участогу (195-291 км) долбоорлорун каржылоо боюнча макулдашууларды ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 22-июнундагы № 387 токтому) "2015-жылдын 15-июнунда Жичжао шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу, Арал-Казарман участогу (195-291 км) долбоорлорун каржылоо боюнча макулдашууларды ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Ч. Султанбекова |