Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-июну № 5363-V
"2015-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Электр менен жабдуунун отчеттуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоор) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 19-майындагы № 302 токтому) "2015-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Электр менен жабдуунун отчеттуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоор) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
1) "Бишкек" ПС курулушу "Электросила" ЖЧК менчик инвестициясынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Бул учурда "Бишкек" ПС "Электросила" ЖЧКнын балансында калат.
2) "Электросила" ЖЧК буларды "Северэлектро" ААКсы үчүн камсыз кылат: 25 MBA жана КРУН-6 кВ. трансформаторун орнотуу менен жеке кезектерин куруу 16 мВт. көлөмдө электр кубаттуулугунун дефицитин ордун толтурат, 10-15 мВт. көлөмдө электр кубаттуулугунун резервин камсыз кылат.
3) "НЭС Кыргызстан" ААК "Бишкек" ПС үчүн техникалык шарттарды берүүнү камсыз кылат.
4) Техникалык шарттарды алган учурдан тартып куруунун мөөнөтү 17 айга белгиленсин.
Төраганын орун басары | Ч. Султанбекова |