Редакцияот 26.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 26-июну № 5392-V

"2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  (2015-жылдын 17-июнундагы № 370-токтому) "2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери женүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

Төраганын орун басары

Ч. Султанбекова