КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 5432-V
"Кыргыз Республикасынын Аба кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 12-июнундагы № 356 токтому) "Кыргыз Республикасынын Аба кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |