Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-июну № 5288-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Тынч чогулуштар жөнүндө", "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.С.Дыйканбаев, К.С.Кочкоров, Т.З.Зулпукаров, К.Ж.Рыспаев, Н.Т.Арипов, Б.О.Шаршеев, К.Абдиев, О.М.Бакиров, М.Орозбаев, А.О.Абдрахманов, Н.К.Алимбеков, А.Артыков, А.М.Режавалиев, Т.Бакир уулу, З.С.Жоошбеков, Б.С.Кадыров, А.А.Калмаматов, Н.А.Мадалиев, М.Г.Мадеминов, К.К.Омурбеков, М.К.Осмонов, М.А.Расулов, Т.А.Салимов, А.Ш.Султанов, М.Б.Тиленчиева, А.Ж.Эшимов жана Б.Ж.Жетигенов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Тынч чогулуштар жөнүндө", "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети (К.С.Бокоев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилсин.
Төраганын орун басары | Ч. Султанбекова |