Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-июну № 5280-V
"Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга ташып чыгарылуучу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, А.Т.Алтыбаева, А.Ш.Султанов, К.З.Мурзабеков, Н.А.Нарматова, О.М.Бакиров, К.С.Самаков, З.И.Бекбоев, У.Т.Кочкоров, Д.Д.Бекешев, М.Г.Мадеминов, А.Н.Измалкова, Н.А.Айдаров, Ж.К.Кудайбергенов жана Х.З.Коркмазов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга ташып чыгарылуучу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык, саясат боюнча комитети (К.С.Самаков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Ч. Султанбекова |