Редакцияот 24.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 24-июну № 5278-V

"Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуунун жол-жоболоруна кайтаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 28-майындагы № 5146-V токтому менен экинчи окууда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо кийинкиге калтырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (К.С.Самаков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун экинчи окуунун жол-жоболоруна кайтаруу маселесин карасын.

 

Төраганын орун басары

Ч. Султанбекова